Language:
  • Русский
  • Кыргызча
"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААК
 

Вход в почту

Логин:
Пароль:

 

ОБЪЯВЛЕНИЯ

Чакыруу!

Урматтуу кесиптештер, кредиттик союздардын мучөлөрү!
Биз, уюштуруу комитети, Сиздерди Сарт-Аке менен Тилекмат-Аке атындагы жылдык 17-чи Спартакиада оюндарына чакырабыз. Кредиттик союздар арасында өтүүчү Спартакиада оюндары 2018 жылдын 12-15 июль айында, Ысык-Көл областы, Корумду айылы, «Simiram» пансионатында өтөт.
17- Спартакиададагы оюндун түрлөрү жана оюндарга катышуучулардын кирүү акысы:
№ п/п Оюн Саны Катышуучунун кирүү акысы
1 Шахмат (эркек/аял) Чексиз 1 000 сом 1 киши
2 Настольный теннис (эркек/аял) Чексиз 1 000 сом 1 киши
3 Шашки (эркек/аял) Чексиз 1 000 сом 1 киши
4 Таяк тартыш (эркек/аял) Чексиз 1 000 сом 1 киши
5 Аркан тартыш (команда) 3 эркек 2 аял 2 000 сом 1 команда
6 Эстафета (команда) 4 эркек 4 аял 2 000 сом 1 команда
7 Волейбол (команда) 3 эркек 2 аял 3 000 сом 1 команда

Бир эле оюнчу спорт оюндарынын башка түрлөрүнө дагы катышуу укугуна ээ. Спорттун ар бир түрүнө катышкан оюнчу же команда, кирүү акысын төлөгөн соң, оюндарга катыша алат. Кирүү акысы менен жыйналган акча Спартакиада оюндарынын «Байге фондусу» болуп эсептелет. Байге фондусу жалпы командалык жана жеке оюндардын түрлөрүнө бөлүнүп, биринчи, экинчи жана үчүнчу байге орундарын утуп алган командаларга жана жеке ойунчуларга бөлүштүрүлүп берилет.
Ошондой эле Спартакиаданын алкагында «Ыр-кесе» өткөрулөт, программасына:
Саламдашуу; Хор; Жеке номер; Макал айтуу/жаңылмач; Интермедия; Хор жыйынтыктоо кирет.
Пансионат «Simiram», жашоо үч маал тамагы менен 1800 сомду түзөт (1 күн үчүн).
ОАО «ФККС» кредиттик союздун 1 өкүлүн (жашоо үч маал тамагы менен) каржылайт.
ОЮЛ «НАКСК» кредиттик союздун 1 өкүлүн (окуу ПОД/ФТЭ) каржылайт.
Сураныч!
Спартакиадага катышуучулардын толтурулган тизмесин жана оюндардын түрлөрүнө катыша турган спортсмендердин аты-жөнү менен заявкасын 01 июль 2018 жылга чейин электрондук почтабызга (E-mail) office@fccu.kg адресине жиберсеңиздер.
Кошумча маалымат боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот:
(0770) 44 03 53 Чынгыз Джапаров,
(0770) 89 23 57 Эдил Каныбеков.
Урматоо менен,
Оргкомитет Спартакиада-2018

Спартакиаданын-программасы
Заявка