Language:
  • Русский
  • Кыргызча
"Кредиттик союздардын каржы компаниясы" ААК
 

Вход в почту

Логин:
Пароль:

 

ОБЪЯВЛЕНИЯ

“Кредиттик союздардын финансылык компаниясы”

ачык акционердик коому

2019-жылдын 28-мартында Бишкек ш., Фрунзе көч., 429 Б (Ибраимов көч. менен кесилишет, “Достук” мейманканасы) дарегинде Акционерлердин Жылдык

жалпы чогулушу өткөрүлө тургандыгын маалымдайт.

Чогулуштун башталышы: саат 10:00дө.

Акционерлерди каттоо: саат 9:00дон 10:00гө чейин.

Жалпы чогулушка катышууга укуктуу акционерлердин тизмесин түзүү күнү: 2019-жылдын 1-марты.

ЧОГУЛУШТУН КУН ТАРТИБИ:

  1. Эсептөө комиссиясын шайлоо;
  2. Директорлор кенешинин отчету;
  3. 2018 жыл жыйынтыгы, финансалык отчеттуулук боюнча Башкармалыктын отчету;
  4. Текшерүү комиссиясынын отчету;
  5. 2018-жыл үчүн пайдаларды бөлүштүрүү жөнүндө;
  6. 2018-жыл үчүн дивиденддердин өлчөмүн жана төлөө тартибин бекитүү;
  7. Жөнөкөй акцияларды кошумча чыгаруу жөнүндө;
  8. Кошумча чыгарылган акцияларды жабык жайгаштыруу жөнүндө;
  9. Уставдык капиталды көбөйтүү жөнүндө;
  10. “КСФК” ААКнын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
  11. 2019-жылдын финансылык планын (бюджетин) бекитүү;
  12. Тышкы аудиторду шайлоо жана тышкы аудитордун сыйлык акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө.

Чогулуштун материалдары менен “КСФК” ААКнын Корпоративдик катчысынан таанышууга болот, Бишкек ш., Чүй пр.219, 3-кабат дареги боюнча.

Эскертуу: Чогулуштун катышуучу юридикалык жактардын өкүлдөрүндө талапка ылайык толтурулган ишеним кат жана паспорт болушу талап кылынат. Акционерлердин чогулушуна жеке өзү катыша турган жетекчилер – озулорун кызматка дайындоо жөнүндөгү Коомдун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн протоколу же кочурмосу жана паспорт талап кылынат.