Язык:

  • Русский
  • Кыргызча
Вместе к общим целям!
 

Вход в почту

Логин:
Пароль:

 

ОБЪЯВЛЕНИЯ

 

Урматтуу акционерлер!

Кредиттик союздардын каржы компаниясынын Ачык акционердик коомунун директорлор кеӊешинин мүчөлөрүнүн атынан сиздерге кайрылып келе жаткан 2021-чи жаӊы жылыӊыздар менен куттуктайбыз! Узатып жаткан жыл баардык адам затынын эсине калаар жылдардан болду десек жаӊылышпайбыз, анткени азыр деле журуп жаткан бүткүл дүйнөлүк апаат баардык нерсеге таасирин тийгизди, арабызда оор жоготулар болду, кыргыз элине тийгизген таасирида элди бекемдеп жашоого болгон көз караштарын өзгөрттү. Мындан ары жамандыктар эски жыл менен калып, келе жаткан жаӊы жылыбыз бүткүл адам затына, анын ичинен кыргызстандыктарга көптөгөн жакшылыктарды алып келсин, ар дайым биздин элибизде жана компаниянын акционерлеринде ден соолук, бакуатчылык, молчуулук жана бекем ынтымак болушун каалайбыз! Мындан ары Компаныянын бир муштуму болуп биргеликте өнүккөн алдынкы чоӊ ишканаларга айланабыз деп ишенебиз. Күч бирдикте деген дем менен жаӊы жылыбызды аманчылыкта жакындарыбыз менен жакшы тосолу. Жаӊы 2021-чи жыл молчулуктун, ырыс кешиктин жылы болсун! Бар болуӊуздар, аман болуӊуздар урматтуу биздин акционерлер!

Тереӊ урматтоо менен,

директорлор Кеӊешинин төрагасы                                    И.А. Исаков